Ош шаарынын быйылкы жылга бюджети 1 миллиард 600 миллион 510 миң сом деп бекитилди. 10-февралда, Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өтүп, калаанын 2022-жылга карата бюджети 1 миллиард 600 миллион 510 миң сом деп бекитилген.
Бул 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 миллион 810 миң сомго көп. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов быйыл калаадагы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык объектилерди жана жолдорду курууга өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырган.