Жаңылыктар
УКМК: Ош шаардык санэпид көзөмөлдөө борборунун директору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Ош шаардык санэпид көзөмөлдөө борборунун директору кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети калктын саламаттыгын сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан талдоолордун алкагында, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттык сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктап таап чыкты. 

Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинде каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес.

Натыйжада, 9-февралда Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары мекеменин директору кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.