Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Ак эмгек ийгиликке жеткирет. Бүгүн Президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарын жөнөкөй жумушчулардан тартып, окумуштуулар, маданий ишмерлер, мугалим, дарыгер, айыл чарба, маалымат кызматкерлери толуктайт. Мамлекет башчысы биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүктү, жерибизди, нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана аларыбызды белгиледи.