Жаңылыктар
Маданият тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жылга карата планын бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жылга карата планын бекитти

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды. Кеңейтилген коллегия Улуттук филармонияда өтүп, ага министрликтин карамагындагы бардык мекемелердин жетекчилери катышты. 

Жыйында маданий мекемелердин материалдык базасын чыңдоо, улуу инсандары эскерүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылганы айтылып, быйылкы жылга карата план бекитилди. Ошондой эле жыл ичинде айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.