Бишкектин эки районунда депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлер таза шайлоо үчүн атайын меморандумга кол коюшту. Алар адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылууну макулдашты.
Кайра шайлоо уюштурулуп жаткан эки округдан 53 талапкер катталып, алардын экөө саясий жарыштан баш тартты. Учурда Биринчи май районунан 26, ал эми Свердлов районунан 25 талапкер бар.