Жаңылыктар
КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту
Бүгүн, 10-февралда кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз   Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. 
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү КТРКнын кызматкерлери сыйланды:

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы:
Джайчиева Бегайымга

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын режиссеру;
Молдоева Гулшан Абыкаевнага

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын жана “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын алып баруучусу;


“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы:

Асымова Дамира Эсенгуловнага

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру;
Зарлыков Бактыбекке

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы телеоператору;
Соурбаева Сюита Оңолбековнага

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Карагулов Талант Кубанычбекович

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Сармерден Кыз-Жигит” теледолбоорунун сценаристи, алып баруучусу;
Копоев Нурдөөлөт Азисович

“Учур” мамлекеттик жаштар театрынын жогорку категориядагы актёру; Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Замана" студиясынын алып баруучусу;

Эске салсак, 2021-жылдын 31-декабрь күнү Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.