Жаңылыктар
Кыргызстандын энергетика системасы министрдин жеке көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын энергетика системасы министрдин жеке көзөмөлүндө

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул ГЭСинде болду. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Токтогул ГЭСинин абалын жеринен көрдү жана текшерүү жүргүздү. Ошондой эле бүгүн министр башка облустардагы энергетикалык объектилерди кыдырып чыгаары айтылат. "Кыргызстандын энергетика системасы министрдин жеке көзөмөлүндө", - деп айтылат билдирүүдө.

10-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 734 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 137 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 531 куб метрге жетүүдө.