Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны миллиондон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны миллиондон ашты

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны өлкөдөн сырткары жактарда иштеп жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунан билдиришти. 

"Орусияда 1 миллион 63, Казакстанда 30 миңге чукул, Түркияда 20 миң, АКШ менен Араб өлкөлөрүндө 10 миң, Германия, Канада жана Италияда алты миң, Түштүк Кореяда беш миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Мындан тышкары Орусиянын аймагына кире албай, кара тизмеге түшкөн кыргызстандыктардын саны 76 миң экени эсептелди" - деп айтылат маалыматта.

Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандарына талаш-тартыштарды, иш берүүчүлөр менен чыр-чатактарды чечүү боюнча эмгек укугу жаатында кеңеш бере турган онлайн булак иштей баштады.