Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аба майданында жаңы күтүү залы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ысык-Көл" аба майданында жаңы күтүү залы ачылды

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залы ачылды. 

Объекттин курулушу былтыр 7-октябрда башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн. "2021-жылы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун өндүрүштүк көрсөткүчтөрү бир нече эсеге өстү. 

Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу каттамдардын саны 4,3 эсеге, жүргүнчүлөрдү ташуу 6,9 эсеге өскөн. Буга байланыштуу мурда жок болгон күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынган, анткени аэропорт негизинен жайкы туристтик сезондо гана иштеп келген", - деди "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.

Ачылышта Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов, райондук администрациянын тапшырмасы менен жол боюна эки транспорттук аялдама курулаарын белгиледи. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Тамчы айылынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан жана 4D классындагы аэродромго кирет. Аэропортто атайын даярдалган кызмат, ошондой эле учактарды жерде тейлөө үчүн тиешелүү атайын техника жана перрондук механика бар. 2021-жылдын башында аэропортту туристтик мезгилге даярдоонун жана өз алдынча жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулуктарды түзүүнүн алкагында, ал 163 чарчы метрге кеңейтилген. Учурдагы аэробекет комплексинин жалпы аянты 986 чарчы метрге барабар. Аба майданга 2003-жылдын 1-августунда "Эл аралык аэропорт" макамы берилген.