Өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жаткан санариптештирүү Баткен облусунда дагы кызуу жүрүүдө.
Анын алкагында облустук мамлекеттик архивинде бир топ жумуштар аткарылган. "Е-кызматы", "Санарип аймак", "Инфодокс" программалары менен архивдеги бардык иштер бир тутумга камтылып, жумуш жеңилдеген.
Эми жарандардын арыздары электрондук түрдө кабыл алына баштады.