Кыргызстанда колдонулган электр энергиянын 40 пайызы өндүрүшкө кетсе, калган алтымышы жеке керектөөчүлөргө жана мамлекеттик имараттарга сарпталат.
Андыктан электрди үнөмдөп, сарамжал пайдаланабыз десек, турак жайларды, мамлекеттик имараттарды энергонатыйжалуу жол менен жылуулашыбыз керек.
Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги салынган жана салына турган ар бир имараттын энергия үнөмдөөдөгү сапатын текшерип, тастыктама бермекчи.