Жаңылыктар
Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 289, Чүй облусунда – 101, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 18, Ош шаарында – 7, Талас облусунда – 8 адамдан илдет табылган. 

Акыркы суткада 629 адам илдеттен сакайды, төрт бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1044 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыкса, 2 миң 862 адам каза болду.