Ички иштер министри Улан Ниязбеков Туркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен онлайн форматта сүйлөштү. Анда министрлер коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка каршы курөшүүнүн заманбап форматтары, санариптештирүүнүн учурдун талаптарына ылайык ийгиликтери жана өз ара кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.
"Өткөн жылдын октябрь айында Стамбул шаарында болгон биздин жолугушуубуздун жыйынтыгы менен коомдук коопсуздукту сактоого багаттылган санариптик техникалык каражаттар бизге келди. Ошондой эле ал техникаларды колдонуу боюнча биздин кызматкерлерге үйрөтүү иштерин жүргүзүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин - деди Улан Ниязбеков. Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Түркия полициясынын адистери Бишкек шаарына келип, кыргызстандык кесиптештерине кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү алдынкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутууларды өткөрүшкөн. 100гө жакын кызматкер кыска мөөнөттүн ичинде алдыңкы тажрыйбаларды топтоп, өздөрүнүн ишмердигинде пайдаланууда.
Учурда Түркия полициясынын мыкты адистери коомдук тартипти сактоонун заманбап ыкмалары боюнча окутуу-семинарларды өткөрүүдө. Онлайн форматтагы жолгушууда Түркия менен Кыргызстандын ички иштер министрлигинин өз ара кызматташтыгын өркүндөтүү багытында приоритеттүү максаттуу багыттар талкууланды.