Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдобой койгонуна карбай, Украинага элчи кызматына дайындалышы боюнча комментарий берди.
"Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түз таасир этет. Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Президент Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды чакыртып алат. Чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын Президенттин дайындоосуна Жогорку Кеңеш макулдук берери Конституцияда каралган эмес. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын белгилеген 80-беренеде мындай жобо жок. Демек, Президент Конституциянын жогорудагы берененин нормасына таянып, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин чечимине карабастан чет мамлекетте элчини жеке өзү дайындоого укуктуу. Ошону менен бирге, 2013-жылдын 15-июлундагы “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу орган бул учурда, Тышкы иштер министрлиги Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети менен консультация боюнча элчи кызматына дайындалган талапкерлер тууралуу Президентке сунуш киргизет.
Бирок бул норма 2021-жылдын 5-майындагы Конституцияга туура келбей калганын эске алуу керек. Ошентип, Президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле өзүнүн Жарлыгы менен элчини дайындоого укуктуу. Ошондуктан Президент парламент менен макулдашпай туруп, өзүнүн Жарлыгы менен элчилерди дайындай алат - деп түшүндүрдү Эрбол Султанбаев.