Жаңылыктар
Керектүү кесип ээлерин даярдоонун көйгөйлөрү талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Керектүү кесип ээлерин даярдоонун көйгөйлөрү талкууланды

Эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоого артыкчылык берүү зарыл. Улуттук квалификациялык кеңештин алгачкы жыйынында кесипке даярдоонун көйгөйлөрү талкууланды. 

Кыргызстан мындан ары келечекте өнүгүүгө өбөлгө боло турган тармакка байланышкан билим берүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул үчүн атайын байкоолор жүргүзүлүп, анын натыйжалары Улуттук квалификациялык кеңештин жыйынында талкууланып турат.

“Дүйнөлүк эмгек системасына кантип катыша алабыз. Ушул маселени эске алышыбыз зарыл. Ошол эле учурда квалификацияны дайым жогорулатуу системасын түзүшүбүз керек”,- деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.