Президент Садыр Жапаров эртең, 27-январда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия - Борбор Азия” Диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат.
Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.
Саммитке ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев да катышат.
2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.