Жаңылыктар
УКМК: Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкери кармалды

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 25-январда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин Опузалап пара алуу беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жарандан паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн опузалап акча каражатын талап кылган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.