Жаңылыктар
Өзбекстан экспресс-тест тапшыруу талабын жойду
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан экспресс-тест тапшыруу талабын жойду

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 25-январдан тарта эл аралык аэропорттордо, темир жол жана чек ара бекеттеринде коронавирустун эксперсс-тестин тапшыруу талабы жоюларын кабарлады. 

15-январда коронавирус жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан өлкөгө кирүү талабын катаалдаштырган. Республика аймагына кире турган жарандар эксперсс-тест тапшырууга милдеттендирилген. Мындай тесттин баасы 5 долларды түзөт. Бирок милдеттүү түрдө экспресс-тест тапшыруу менен аэропорттордо жана вокзалдарда кезек көбөйдү. Жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүү жайларында узак убакытка турууга мажбур болушту. Мындай жагдайда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуугу көбөйөт деген тынчсыздануулар пайда болгон.