Жаңылыктар
Белгилүү окумуштуу, Манас таануучу Сапар Бегалиев дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү окумуштуу, Манас таануучу Сапар Бегалиев дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, профессор, белгилүү окумуштуу, Манас таануучу Сапар Бегалиев дүйнөдөн кайтты. 

Бегалиев кыргыз филолог-окумуштууларынын ичинде "Манас" эпосу, кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы, кыргыз адабият таануусунун теориялык жана практикалык маселелерин изилдеп үйрөнүүгө омоктуу салым кошкондордун бири - фольклорист-манас таануучу. Ал "Манас" эпосунун поэтикасын, тактап айтканда, анын көркөмдүк касиетин жана ага өбөлгө болгон көркөм каражаттар менен ыкмаларды биринчилерден болуп изилдөөнү колго алган илимпоз адис. Ал узак жана жемиштүү илимий-педагогикалык ишмердик жолду басып өттү. Сапарбек Бегалиев 1934-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусунун Орто-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Баркалбас - Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде Ленинградды коргогондордун бири. Согушка чейин, өзгөчө, согуштан кийин көп жылдар бою айылдык кеңештин төрагасы, колхоздун башкармасы болуп эмгектенип, айыл чарбасынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон.

Бегалиев 1958-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, "Орус тили, адабияты жана тарых мугалими" адистигине ээ болуп, мектепте мугалим, Кыргыз ССРнин Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Ал Саякбай Каралаев баштаган айтуучулардан улуу "Манас" дастанын, кенже эпосторду жазып алуу, жыйноо иштерине активдүү түрдө катышкан. Сагымбай Орозбак уулу жана Саякбай Каралаевдердин жана башка варианттарынын тексттерин даярдап, басмадан чыгарууга эмгек сиңирген.

1970-жылдан бери илимий ишмердүүлүктү жаштарга билим-тарбия берүү менен айкалыштырып, Кыргыз мамлекеттик университетине кызматка өткөн. Бул жерде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп 23 жыл эмгектенди. Анын илимий жетекчилиги астында фольклористика адистиги боюнча 2 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон.

Бегалиев болчоктогу адистерге билим-тарбия берүү иштерине кошкон салымы, көп жылдык илимий-педагогикалык үзүрлүү эмгеги эске алынып, бир катар сыйлыктарга жана ардактуу наамдарга татыктуу болду. “Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги”, “Эмгек ветераны” медалы, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган эстелик медалы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасын алган. Ошондой эле бир катар окуу жайлардын, билим берүү министрлигинин жана эл аралык уюмдардын сыйлыктарына ээ болгон.