Бүгүнкү күндө өлкөдө ар кандай маселелер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын ичинде чек ара олуттуу маселе. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук Кеңештин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суралууда.
Ал Башкы прокуратурага бүгүн 7-жолу суракка барды. Көзөмөл органы учурда тергөө жүрүп жатканын билдирип, топтолгон документтердин негизинде жыйынтык чыгарыларын кабарлады.