Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия мамлекеттери - Кытай" онлайн-саммитине катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия мамлекеттери - Кытай" онлайн-саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата "Борбор Азия мамлекеттери - Кытай" онлайн-саммитине катышты. Жыйында аталган чөлкөмдөгү өлкөлөр менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүсү талкууланды. Ошондой эле, тараптар көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Кытай тараптын демилгеси менен уюштурулган “Борбор Азиянын мамлекеттери - Кытай” онлайн-саммити президенттердин пикир алышуусуна шарт түздү. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чарада өлкө башчысы Садыр Жапаров заманбап дүйнөлүк түзүлүш аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери боюнча иш-аракеттерди координациялоо, саясий, экономикалык, соода жана турмуштун башка маанилүү чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоо зарылдыгын талап кылып жатканын белгиледи. 

Кытай менен Кыргызстандын ымаласы стратегиялык өнөктөштүккө чейин жетти. 30 жыл мурда эки республиканын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган. Президент андагы принциптер бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-кытай мамилелеринин негизин түзөрүн белгиледи. Айтымында, өз ара аракеттердин аркасында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлдү.