Жаңылыктар
Бүгүн түшкө маал Кыргызстандын басымдуу бөлүгү жарыксыз калды
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн түшкө маал Кыргызстандын басымдуу бөлүгү жарыксыз калды

Бүгүн түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчүп калды. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казактандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы белгилүү болду. Анын себеби Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болгону айтылат. Анын келип чыгышы иликтенүүдө. Өз кезегинде өлкөдө түштөн кийин жарык берүү калыбына келтирилди.

Бүгүн 12де өлкөнүн басымдуу бөлүгү жарыксыз калды. Энергетиктер ыкчам чара көрүп 2-3 сааттан соң электр энергия менен камсыздоо четинен калыбына келтириле баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрдү. Жаралган кырдаалды Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги авария менен түшүндүрдү.

Мындай жапырт өчүрүү энергетика тарыхында биринчи жолу катталып жатат. Азыркы учурда Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги авариянын себеби азырынча белгисиз, аныктоо иштери жүрүүдө. Үзгүлтүккө учураган абалды өлкөлөр аралык комиссия иликтейт.

Авариядан соң Кыргызстан ички энергетикалык шакекчеге өткөн. “Датка-Кемин” электр берүү линиясы өлкө ичиндеги энергетикалык туруктуулукту сактап калды. Жалпы өчүрүүлөр Бишкек ЖЭБнин ишине дагы кедергисин тийгизип, бузулуулар келип чыккан.

Учурда үч өлкө тең бирдиктүү шакекчеден чыгып, ички мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатат. Энергетика министри союз убагындагы системаны кармап калыш үчүн коңшу өлкөлөр менен биргелешкен жумуштар жасалаарын билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин жазып чыгышты. Кыргызстандын түштүк аймагында өндүрүлгөн электр энергиянын түндүк бөлүгүнө Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтчү бирдиктүу шакекче менен келет. Төрага эгер электр энергиясынын жоготууларын азайтабыз десек шакекчени колдонуу оң экенин, ал үч өлкөгө тең ыңгайлуу жана пайдалуу болорун белгиледи.