Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө, 23-январда саат 15:48де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Зилзала Алай районунун Ак-Босого, Кызыл-Алай айылдарында 3 балл, Арча-Булак, Кичи-Алай айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.