92 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Абакиров дүйнөдөн кайтты.
Эмилбек Абакиров 1929-жылы 18-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кудук айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун «Шамсы» совхозунда жана «Кегети» асыл-тукум совхозунда жумушчу, Чүй районунун Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Фрунзедеги кооперативдик техникумда окуп, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Ош педагогикалык институтунун окутуучусу, комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. Ош обкомунун пропаганда жана агитация боюнча катчысы болуп шайланган. Партиянын Ош обкомунда иштеген жана партиянын Ош шаардык комитетинин 1-катчысы болгон. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Профсоюздар кеңешинин төрагалыгына шайланган. Ал профсоюздук кыймылдын көрүнүктүү кыргыз советтик ишмери катары элдин эсинде калды. Борбор Азиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын профсоюздук борборлорунун башкы катчысы болуп дайындалган. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын XXV съездине делегат болуп шайланган. СССР эл депутаты болуп шайланган жана Улут саясаты, улуттар аралык мамилелер боюнча улуттар кеңешинин комиссиясынын мүчөсү болгон.
Төрт жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Эмилбек Абакиров өзүнүн мол тажрыйбасы, терең билими, чечкиндүүлүгү, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Күжүрмөн эмгек ишмердиги үчүн «Лениндин 100 жылдыгына карата каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгектин ардагери» медалы, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 50 жыл» юбилейлик медалы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгы» юбилейлик медалы жана бир катар Ардак грамоталар менен, Октябрь революциясынын ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени,«Манас эпосуна 1000 жыл» юбилейлик медалы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
Эмилбек Абакиров өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү жана ишмердүүлүгү – элге, Мекенге адал кызмат өтөөнүн жана ак эмгектин үлгүсү.
Кыргызстандын татыктуу уулу Эмилбек Абакировдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жапаров, Мамытов, Жапаров, Касмамбетов, Кожошев, Ташиев, Аалиев, Байсалов жана башкалар.