Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамга кол койду.
Мыйзамдын максаты 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Өкмөтү менен Корея Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жана мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Кошумча макулдашуу кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Кошумча макулдашууда аталган Алкактык макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык KOICA өкүлчүлүгүнүн, персоналынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн негизги артыкчылыктары жана иммунитеттери жазылган. Кошумча макулдашуунун текстине ылайык, Министрлер Кабинети KOIСАнын өкүлдөрүнө жана кызматкерлерине атайын эл аралык артыкчылыктар жана иммунитеттер макамын берүү жана бардык мамлекеттик уюмдар менен кызматташууну камсыз кылуу үчүн аккредитациялык картаны берет.