Жаңылыктар
«Мыкты кесиптик лицей» республикалык сынагы жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
«Мыкты кесиптик лицей» республикалык сынагы жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык илимий-методикалык борбор башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кесиптик лицейлеринин арасында “Мыкты кесиптик лицей” республикалык кароо-сынагын өткөрөт. 

Сынак окуу-методикалык ишти жана кесиптик-педагогикалык чеберчиликти жакшыртууга, окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого, чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө жана түрткү берүүгө, окуу жайлардын таланттуу жана жогорку кесипкөй инженердик-педагогикалык кызматкерлерин колдоого жана көтөрмөлөөгө багытталган. Сынак 3 этапта өткөрүлөт: тандоо, облустук, республикалык. Жыйынтык ушул жылдын июнь айында чыгарылат.