УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу бир нече аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюшту.
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Галча айылында Кыргызстандын чек ара кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте өлкөнүн 31 жаштагы жаранынын башкаруусунда "Мерседец-Бенц" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда Өзбекстанда чыгарылган идиш-аякты аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Ушул эле күнү Баткен районунун Ак-Өтүк айылында Өзбекстандын чек арачылары УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачыларына Кыргызстандын Чоң-Талаа айлында жайгашкан стационардык постту айланып өтүп Өзбекстандын Сох анклавына 2800 кг лимонду алып кирүүгө аракет кылышкан Кыргызстандын 3 жаранын жана аларга тиешелүү болгон Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын өткөрүп беришкен. Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.