Жаңылыктар
УКМК: Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка ылайык, жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган. ИИМдин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан кечки саат жетиде соода борборунун иши кайра жандандырылган. 

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бомба тууралуу билдирген уюлдук номердин ээси аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.