Жаңылыктар
Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды

Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечим Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. 

Ага Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгондугу айтылды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумга катышкан Нарматованын өкүлүнө аталган чечим менен макул болбосо, сотко кайрылууга укугу бар экендигин айтты.