Быйыл Кыргызстандын бардык облустарында сугат мезгили эрте башталат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Айтымында, учурда адистер сууну кайсы булактан, кандай чарбалык жана чарбалар аралык каналдарга азыртадан берүүгө болорун карап жатышат. "Эгер, жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, адегенде каналдардын түбүнө сууну сиңирүүгө туура келет.
Мындан тышкары, учурда талааларда дээрлик кар жок, ошондуктан нымдуулук керек болгон жерлерге бул иштерди жүргүзүшүбүз керек", - деди Аскарбек Жаныбеков. Министр белгилегендей, мындай милдет бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн алдына коюлган.