Жаңылыктар
Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатууга шектелген жарандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатууга шектелген жарандар кармалды

Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатууга шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

17-январда Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Атай айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 15-январь түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында борбор калаанын "Ош" базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын шериги бар экени аныкталган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.