"Минск унаа заводу" ишканасынын өкүлдөрү жүргүнчү ташыган жаңы автобустарды сунуштады. Беларуста өндүрүлгөн автобус Бишкекте үч ай сыналат.
Мэрия бул транспорттун шаар ичинде эл ташууга ылайыкташканын белгиледи. Коомдук унаада майыптыгы барларга ылайыктуу шарттар түзүлгөн. Арабада отурган адам өзү кирип-чыгууга ыңгайлашкан.