20-январь күнү туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн Кыргызгидромет борбору билдирди. Кардын калың жаашы энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Адистер алыс жолго чыгууда сак болууга чакырууда. Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Гидрометеорологиялык кызмат кыш башталганы кар мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз болгонун, жакынкы күндөрү гана жаай турган кардын көлөмү көбөйөрүн билдирүүдө.
Гидрометеорологиялык кызмат соңку күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп жатканын, кардын калың жаашы жолдо кооптуу жагдайды жаратаарын билдирип жатат. Себеби, тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Жол тайгак болгондуктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы сакталышы керек экени эскертилди.