Жаңылыктар
Азербайжан элчилиги "кара январь" аталган каргашалуу окуяны эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Азербайжан элчилиги "кара январь" аталган каргашалуу окуяны эскерди

Азербайжандын тарыхында "кара январь" деп аталган аталыш менен калган каргашалуу окуя эскерилүүдө. Эскерүү иш-чарасын Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги да өткөрдү. 

1990-жылы 20-январга караган түнү Баку шаарына аскер күчтөрү киргизилип, толкуган эл менен кагылышкан. Анда ондогон адамдар каза болгон. Азербайжанда бул окуялар жыл сайын эскерилет.

“Тарыхтан сабак алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Каргашалуу окуяда бейкүнөө адамдардын жаны кыйылган. Биз алардын элесин эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү тынч күндөрдүн баркын билип, баалашыбыз керек”,- деди Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов.