Ошто таштандыны туура эмес жерге таштагандарга айып салынат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри шаардык прокуратуранын жана Ош-Тазалык ишканасынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда өткөн жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, жыйында бузуулар кодексинин аткарылышы талкууланып, прокуратура өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан улам таштандыны туура эмес таштагандарга карата иштерди күчөтүп, кодексте белгиленгендей айып пулдарды салуу, абоненттердин санын тактоо тапшырмалары берилди.