Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды, - деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Анын жүрүшүндө Бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган. Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы аныкталган.
Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы малым болгон. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.