Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2022-жылдын 17-январь күнү саат 17:40 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 50 м3 кар көчкү түшүп, жол каттам бир тараптуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №27 ЖТИден 1 бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланган. Жабыркагандар жок.