Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун 2021-жылдын 31-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп алып койгонун билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-ж.т. Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан сырткары, Ш.Н.нын Жалал-Абад ШИИБдин КБРде өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталган. Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктогун тактоо иштери жүрүп жатат.