Жаңылыктар
Жер тилкелерин мыйзамдаштыруу уланууда. 686 үйгө техникалык паспорттор берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкелерин мыйзамдаштыруу уланууда. 686 үйгө техникалык паспорттор берилди

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери бүгүнтөн тарта Актилек-Турбаза конушунда жашоочулардын арызын кабыл ала башташты. Адистер алгач арыздарды кабыл алып, үйдү ченеп тиешелүү процедуралар аткарылган соң, бир жуманын ичинде техникалык паспорттор берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата “Кадастр” мамлекеттик ишканасы тарабынан 686 үйгө техникалык паспорттор берилди. Ал эми борбор калаада жер тилкелерине жана үйгө документ ала элек жалпы 7 миңден ашык үй-бүлө бар экени белгилүү.