Жаңылыктар
Кыргызстанда таза суу дээрлик жок деген айылдардын саны 400гө жакын
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда таза суу дээрлик жок деген айылдардын саны 400гө жакын

Кыргызстанда таза суу дээрлик жок деген айылдардын саны 400гө чамалайт. Көп жерлерде суу куурлары эскилиги жетип, алмаштырууга муктаж. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда калкты таза суу менен камсыздоо - мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири катары киргизилген.

Таза суу маселеси Кыргызстандын бардык аймактарында биринчи кезекте көңүл бурулуучу көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча алыскы айыл тургундары арыктын суусун тамак-ашка колдонуп, ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан учурлар дагы жок эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдө 30 миңге чукул ичеги карын оорулары катталып турат. 

2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасы боюнча жыл сайын 100 айыл же калктуу конушта таза суу чыгарылып, жашоочулар ичүүчү суу менен камсыз болушу керек. Ал үчүн республикалык бюджеттен 470 млн. доллар бөлүнгөн. Бул аралыкта өлкөнүн калктуу конуштарынын 95% таза суу менен камсыздалышы керек.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин маалыматына ылайык, калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, акча каражаттары тартылып жатат. Ошондо, сунушталган айылдардын долбоорлук сметалык документтери жок болгондуктан, аны даярдоо үчүн көп убакыт текке кетип, курулуш иштери кечиктирилип жатат. Бул багытта Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан көзөмөл солгун. 

Ушул тапта жалпы өлкө боюнча 200 дөн ашык айылда суу куурлары 70-жылдарга чейин курулган жана жедеп эскирип бүткөн. 600дөй айылда суу түтүктөрү 70-жылдардан кийин киргизилген, бирок абалы начар. Жыл сайын акырындык менен оңдолуп, ремонт иштери жүрүп, былтыр 53 айыл таза суу менен камсыз болду. Быйыл 70тен ашык айылга таза суу киргизүү пландалууда.