Өзбектан, Казакстан жана Россиядан келген ундардын сапатына экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аштык буудай данынын сапаттарын аныктоо максатында үлгүлөр алынды. Данды сактоо боюнча стандарттык эрежеге ылайык, анын абалын, жытын, температурасын, шамалдатуусун, зыянкечтерден сакталуусун, нымдуулугун жана башка сапаттык касиеттери талданып чыкты.
Лабораториялык сыноо аркылуу дандын курамындагы белогу, крахмалы аныкталды, мындан сырткары, сакталып турган ундун жогорку, биринчи жана экинчи сортторуна баа берилди. Жергиликтүү буудайга да экспертиза жүргүзүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгында сактоодо турган буудайлар 3-класстагы же болбосо илешкектиги 23 пайыздан кем эместиги жана нанга ылайыктуу экендиги аныкталды.