Жаңылыктар
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда күтүү залы үчүн өзүнчө имарат курула баштады
Кыргызстан жаңылыктары
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда күтүү залы үчүн өзүнчө имарат курула баштады

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда күтүү залы үчүн өзүнчө имарат курула баштады. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Курулуш иштери 2021-жылдын үчүнчү кварталында башталды. Компаниядан билдиришкендей, жаңы имараттын курулушу жүргүнчүлөргө жана аэропортко келген конокторго ыңгайлуу шарттарды түзөт. 

Былтыр компания өз күчү менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун аэровокзалынын имаратын 160 чарчы метрге кеңейтип, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан. 

Учурда аэропорттун көрсөткүчтөрү кыйла жакшырды. Мурда ал туристтик сезондо гана иштесе, азыр жыл бою кызмат көрсөтүүдө. 2021-жылы аэропорт 100 миң жүргүнчү тейлеген.