Жаңылыктар
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Балыкчыда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 5-январда Балыкчы шаардык милициясына шаардык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алган 31 жана 32 жаштагы 2 жарандын түшкөнү маалымдалган. 

Аталган факт "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталды. 

Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушканы маалым болду. Алар 16-январда Балыкчы шаарынын кире беришинде колго түшүрүлгөн. Учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.