Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Кең-Булуң" жана "Токмок" көзөмөл өткөрүү жайлары жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында абал туруктуу.
Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.