Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы калааны өзүм билемдик менен орнотулган объектилерден бошотууну улантып жатат. 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Балбан-Таймаш жаңы конушунда муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алуу токтотулду. 7-кичи районунда "Орто-Сай" базарынын жанында күркө демонтаждалды, ошол эле жерде эки чатырча алынды. 

Бишкек мэриясы өзүм билемдик менен орнотулган объектилерди өз ыктыяры менен алууну суранат. Эгерде талаптар аткарылбаса, тийиштүү чараларды колдонууга аргасыз болот.