Коронавирустун “дельта”, “альфа” штаммдары менен улгайган адамдар ооруса, “омикрон” менен жаштардын көбү ооруп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Айтымында, Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунуна жаңы жылдык майрамдар жана кышкы туристтик мезгил маалында адамдардын көп чогулушу себеп болгон. “Өлкөдө катталган “омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат.
Бирок “омикрон” жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Адамдардын 70 пайызы амбулатордук түрдө дарыланууда. Учурда оорукананын баары даяр турат”, - деди ал.