Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында 17-19-январь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында 17-19-январь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

17нен 19-январга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору. 

Бүгүн күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.