Министрлер Кабинетинин жаңырган жылдагы алгачкы кеңешмеси өттү. Анда Төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын финансы-экономикалык жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүүнүн тартибине тийиштүү, автотранспорт каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрүнүн талаптарын сактоо жана улуттук экспорттук көзөмөл тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу чечимдердин долбоорлору каралды. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин кайра экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка создугушуна байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюу салуу мөөнөтүн дагы 6 айга узартуу зарыл. Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды.
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат, анын чечими менен ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында 2858 токтом күчүн жоготту. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо кабыл алынды.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жыйынында «Кумтөр» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк 2021-жыл үчүн алтын кениндеги иштин жыйынтыгы боюнча отчетун берди.