Жаңылыктар
Кыргыз - казак чек арасында унаалардын тыгыны жок
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - казак чек арасында унаалардын тыгыны жок

15-январь саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашты. 

Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок. Жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр тууралуу токтоло кетсек, Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду, Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол”, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат, Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат, ал эми “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат. 

Ошондой эле оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана “Чоң-Капка” өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат. Акыркы бир суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын 732 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кесип өтсө, анын 499у “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өткөн. Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.