Жаңылыктар
Лифттерди тейлөөдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окуу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Лифттерди тейлөөдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окуу өттү

“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы лифтчи-операторлорго аны тейлөөдө коопсуздук эрежелери боюнча окуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, лифтерлор адамдарды кабинадан коопсуз эвакуациялоонун ыкмаларын, убагында электромеханиктерге лифттин аныкталган бузулуулары тууралуу маалымат берүү зарылдыгын билиши керек. Ишканада иштеген 60 лифт жүргүзүүчүнүн арасында үч айда бир жолу окутуулар өткөрүлүп турат.